Бишкектеги Ботаникалык бакта бадалдар жана куураган чөп күйүп кетти

Бишкектеги Ботаникалык бакта бадалдар жана куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын техникалык иштер боюнча жана өрттү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташманбетов билдирди.

"Ботаникалык бакта 2 гектар куураган чөп жана бактын бадалдары күйүп кетти. Өрттүн чыгышы боюнча 13:30да маалымат түшкөн. Атайын эки өрт өчүрүүчү унаа барып саат 14:50 чамасында өрт өчүрүлгөн. Жалындын тутанышы тургундардын тамеки чегүүдөгү этиятсыздыгынан болушу мүмкүн", - деп билдирди Ташманбетов.

Эске салсак, буга чейин Ботаникалык бактын 6 гектар аймагы күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2017-08-31 19:01:05
Күйүп бүтпөй койду го Ботаника багы, кимдин көзү тийип жатат... Кудайым сактасын мындан ары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан