Иранда окуучуларды ташып бараткан автобус оодарылып, 12 кыз каза болду

Иран өлкөсүнүн түштүгүндө автобус оодарылып, 12 окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктан 33 окуучу түрдүү жаракаттарды алышкан. Азырынча жол кырсыгынын себептери белгисиз деп айтылат маалыматта.

Кырсык Хормузган провинциясынын Шираз шаарында болгон. Атайын кызматтар унаа кырсыгынын себептерин аныктоо аракетин көрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tortkul2017
2017-09-01 15:12:37
Аллахым кырсыктан сактасын, тируу калгандарынын омурун берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан