"Соңку кабардын" "Элдик кабар" бөлүмүнө бүгүн окурман 1-сентябрда болгон адам өмүрүнө кол салуу боюнча кабар жөнөткөн. Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда катталган ишкерге кол салуу окуясы боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, буларды билдирди:
"Окуя кечээ, 1-сентябрда Панфилов районунда кечки саат 17:30 чамасында орун алган. Анда Панфилов айылынын 67 жаштагы тургуну С.Н. аттуу жарандын үйүнө белгисиз адам курал менен кирип кол салган. Эшиктеги куралдын атылган үнүнөн үйүндөгү 42 жаштагы С.А. аттуу баласы терезеден карап, белгисиз адам атасына ок чыгарганын көрөт. Үй ээсинин үйүндө 12-калибрлүү куралы болгон. Баласы ал куралды колдонуп, белгисиз жаранга ок чыгарган. Жыйынтыгында кол салган адам каза таап, ал эми үй ээси шектүүнүн огунан жаракат алган.
Каза тапкан адамдын жанындагы спорттук сумканы текшерүүгө алганда ичинен медициналык бет кап, уюлдук телефон жана сим-карталар, фонарик, ок-дарылар, электрошокер жана ким экендигин тактай турган документтери чыкты. Ал 1986-жылы туулган Ж.Максат аттуу жаран болгон. Учурда окуянын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси боюнча (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат".