Орусиянын Москва облусуна караштуу Балашиха шаарындагы авиашоу учурунда Ан-2 учагы кулап, жарылып кетти. Бул тууралуу ыкчам кызматтарга шилтеме берип ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Кызматтагы өздүк булак аталган маалымат агенттигине "Учактагы учкучтар жапыз бийиктикте авиашоу көрсөтүп жатышкан. Алар учакты башкара албай, жыйынтыгында учак жерге кулады. Ичинде 2 пилот бар болчу. Экөө тең каза тапты", - деп билдирет.
Балашиха шаардык округунун администрациясынан маркумдардын бири учактын жерге катуу урунушунан жана экинчиси учак өрттөнүп кеткенде кошо күйүп каза болгон деп билдиришкен.
Авиашоу көрсөтүүсүнүн жетекчиси жогорку пилотаждын фигурасын аба майданында аткарып жатып ката кетиргендиктен учакты башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдо. Муниципалитеттин билдиргенине караганда учак жеке менчик болгон. Москва облустук ички иштер кызматынын билдиргенине караганда жерде көрүп турган көрүүчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.
Авиашоу ДОСААФ (авиация жана флот аскер кызматына ыктыярдуу кол кабыш көрсөтүү коому) аэродромунда өтүп, иш-чара Ан-2 учагынын 70 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан.