Францияда музыкалык фестиваль учурунда чагылган түшүп 15 киши күйүк алды

Франциянын түндүк-чыгыш жагында Vieux Canal музыкалык фестивалы өтүп жаткан учурда топтолгон элге чагылган түшкөн. Кырсыктан 15 киши жабыркап, экөө оор абалда экендигин чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-сентябрда кечке маал өтүп жаткан фестиваль учурунда түшкөн чагылгандан жабыркагандардын ичинде 10 жашка чейинки 2 бала да бар. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы, өрт өчүрүүчү кызматтан 3 топ келген.

60 жаштагы аял жана 44 жаштагы эркек киши чагылгандан чоң күйүк алып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Фестивалдын уюштуруучулары бул окуядан кийин майрамдын калган бөлүгүн токтоткон. Аталган фестиваль Францияда быйыл 5-жылы жаш таланттарды колдоо максатында өтүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
satiev87
2017-09-03 12:58:10
кудай сактааа!
0
Ayida
2017-09-03 14:40:57
Озу музыка уккан болбойтда
-1
Targarien
2017-09-04 07:49:12
Ayida, не деп тантырайсын музыка уккан да куноо деген диний фанаттардансынбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан