"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкектеги "Азиз" базарында 600 чарчы метр административдик имарат жана кампа өрттөндү

Бүгүн, 4-сентябрда "Соңку кабардын" "Элдик кабар" рубрикасына окурман Бишкектеги "Азиз" базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалыматты кабарлаган. Бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Махатма Ганди көчөсү 201-дарегиндеги "Азиз" базарында имарат күйүп жатат деген маалымат саат 06:09 чамасында келип түшкөн. Аталган даректе болжол менен 600 чарчы метр аянттагы административдик имарат жана кампа күйүп жатат. Өрт өчүрүү кызматкерлери өрттү чектөөгө алып, кырсыктын үстүнөн иш алып барышууда", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан