Ноокенде унаа каналга түшүп кетип, айдоочусу көз жумду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун аймагында, Бишкек-Ош унаа жолунун 479-чакырымындагы Шаркыратма участкасында Пассат үлгүсүндөгү мамлекеттик № D5960А номерлүү унаа каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"Окуя кечээ, 3-сентябрда кечки саат 7:35 чамасында болгон. ӨКМнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары сууга түшүп кеткен унаадан 1975-жылы туулган айдоочу С.К. аттуу жарандын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 1977-жылы туулган жүргүнчү М.К "Тез жардам" кызматы менен Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген, абалы туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bayanis
2017-09-04 14:00:16
абайлагыла
0
Asankun
2017-09-04 14:25:34
Иии жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан