Бүгүн, 4-сентябрда таңга маал саат 06:00 чамасында Орусиянын Саратов шаарында эки жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсыктан жабыркагандардын сегизи Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экенин РИА Новости басылмасы шаардык Жол коопсуздугу боюнча инспекциянын кызматкерлерине таянып жазып чыкты. Кырсыктан 9 киши жаракат алган.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Toyota маркасындагы эки унаа сүзүшкөн. Жабыркаган 9 адамдын ичинен экөө оор абалда шаардык ооруканага жеткирилишкен", - деп жазылат маалыматта.
Сокурск трактында катталган бул кырсыкта минивэн унаасы күнөөлүү болушу мүмкүн дешкен тийиштүү органдардан. Ал жол эрежесин бузуп, көчөлөрдүн бириккен жеринен туура эмес кесип өткөн. Натыйжада экинчи жеңил унаа менен кагылышкан. Аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Ал эми облустук Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүгүнөн РИА Новостиге билдиргендей, эки жарандын абалы оор, калган 6 жарандын абалы туруктуу орто абалда. Дагы 2 адам ооруканага жатуудан баш тартышып, медициналык амбулатордук жардам алышкан.