Интерпол издеп жаткан Кытай жараны Кыргыз өлкөсүнөн кармалды

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Кыргыз өлкөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Милиция кызматкерлерине Кытай Эл Республикасынын жараны өлкө аймагында жашырынып жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында 1967-жылы Кытайда туулган Чен Ксиянфу аттуу жаран кармалды. Ал өз өлкөсүндө жүргөн маалында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөнү маалым болгон. Анын Кыргыз өлкөсүнө 4 жыл мурда келип, жумуш визасын алып ишкерлик менен алектенип жатканы аныкталды. 30-августта Кытайдын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Бишкек-Үрүмчү багыты аркылуу учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
amirrus
2017-09-04 17:38:52
акчасын торт жыл жешиптир да бекитип кытайды
+11
elchi84
2017-09-04 17:42:53
Бизде текшерсе коп эле адамдар чыгат кытайларга кол тийбестик берип киргизип койду биздин чондор кытай ото кобойуп кетти.
+15
kechirmeni
2017-09-04 17:58:50
Батукаевдей кылып узатып коюшса керек
+11
bond02
2017-09-04 18:04:05
Издесенер кылмышкерлерди Кыргызстандан издегиле!
+10
Azatbek83
2017-09-04 18:25:28
Кыйратыпсынар
+5
KUBI
2017-09-04 19:00:10
Англиядай болуп биз киргизип баштапбыз да.
+3
jbolotov
2017-09-04 19:06:49
Кудайдан жоо качкандын баары бизде болуп калды, олкодо бардак экенин баары билетда.
+7
Syn4y
2017-09-04 19:38:31
Кытайлардын да узуну болот экен да
0
Isco22
2017-09-04 20:52:43
Syn4y,ал тубуно гезит коюп берца кийип алыптыр)))
0
aravan.kg
2017-09-04 20:37:38
Биздин олко общий дом болуп калган
+2
Alinur96kg
2017-09-05 03:59:21
Бизде тушунуксуз.Бирин кармап берет.Бирин астына килем салып узатып койушат.Бул кытай акча берген эмес окшойт.Берсе да аз берген го.Жетишээрлик сумма берсе бизнесин улантып журо бермек, же болбосо башка мамлекетке самолёт менен узатып койушмак эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан