1-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 10:40 чамасында 102 номерине чалуу келип түшкөн. Маалыматта Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү казылган аңдын ичинен адамдын күйгөн денесинин бөлүктөрү табылгандыгы кабарланат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-сентябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Ыкчам топ айтылган дарекке барып, күйгөн дененин бөлүктөрүн экспертизага өткөргөн.
Аталган кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
"Каза тапкан жарандын ким экендиги болжолдуу түрдө аныкталып, шектүү катары үй-жайсыз бир нече адамдар суракка алынды. Арасынан бирөө маркумду акыркы жолу 19-августта көрүп андан соң кезиктирбегенин айтты", - деп жазылат маалыматта.
Издөөлөрдүн негизинде жогоруда жасалган кылмышка шектүү катары 57 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалып көрсөтмө берген. Маркум менен шектүү 17-августта Түштүк Магистраль тараптагы аңдын ичинен чогуу спирттик ичимдик ичишкен. Шектүүнүн айтымында, каза болгон адам аны уюлдук телефонумду уурдап алдың деп күнөөлөгөн. Натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетип, шектүү маркумду жыгач союл менен 2-3 ирет чаап жиберип, окуя болгон жерден кетип калган. Ал эми анын денеси өрттөлгөндүгү боюнча сураганда "ошол маалда аңдын ичинде бир нерселер күйүп жаткан. 2-3 күндөн кийин барсам, анын денеси күйүп кетиптир. Сөөктү ошол жерге көмүп андан соң кетип калгам", - деген шектүү.
Окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө, ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.