Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 1 адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда унаа оодарылып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМнын маалыматына ылайык, Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан 1990-жылы туулган И.Д. аттуу тургун мерт кеткен. Окуя 4-сентябрь күнү кечки саат 18:05тер чамасында катталган.

Кырсыкка кабылган унаада жалпы 5 адам болгон. Калган 4 киши жабыркаган эмес деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2017-09-05 14:19:28
Жаткан жери жайлуу болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан