Сотто конвойлор Текебаевге жакын барып сүйлөшүү аракетин көргөн депутат Каныбек Иманалиевдин жолун тосушту

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантууда. Отурумга катышууга келген Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдин жанына барып сүйлөшүүгө аракет жасады.

Бирок конвойлор алардын жакын туруусуна тоскоолдук кылып жолун тосуп чыгышты. Депутат Иманалиев конвойлордун бул аракетине нааразы болуп: "Мен Жогорку Кеңештин депутатымын, жолумду тоспогула. Чек араны ушинтип корубайсыңарбы?!" - деп айтты.

Андан кийин Иманалиев Текебаев менен 4 метр алыстыкта туруп сүйлөшүүгө аргасыз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farhad.baku
2017-09-05 17:39:02
Жон эле суйлоштуруп койушпайбы.башка ОПГ нын балдары болушса ичине кийирип суйлоштурмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан