Ош облусунда тажик жараны 5 килограммга жакын маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрь күнү Ош облусунун аймагында атайын иш-чаранын негизинде Тажикстандын 47 жаштагы жараны кармалган. Ага тиешелүү кутучадан 5 килограммга жакын маңзат (апийим) табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.