Ушул жылдын 28-август күнү Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталган. Анда аталган жолдо чыгыштан батышты көздөй бараткан белгисиз унаа 60 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган.
Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы жогорудагы кырсык боюнча маалыматы барларды жана күбө болуп калган жарандарды жардамдашууга чакырат.
Байланыш телефондор: 0 (312) 44-64-22, 102, 0 (701) 15-57-01. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.