Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында колу байланып, кабыргасы сынган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жайлоодо табылган жансыз денени алгач жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда болжолдуу 20-25 жаштагы каза болгон эркек кишинин колу жип менен байлануу, кийимдери жок жылаңач жатканын көрүшкөн. Анын денесинде көк ала тактар бар экендиги байкалган. Ошондой эле кабырга сөөктөрү сынган абалда табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Маркумдун өздүгүн аныктоо аракети көрүлүүдө. Ал эми каза болгон адамдын денеси Ош шаарындагы өлүкканага жеткирилген.