Нарында акыркы 8 ай аралыгында жол кырсыктарынан 5 өспүрүм каза болуп, 25 бала жаракат алган

Нарында "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен иш-чара өткөрүлдү.

"Нарын облусунун аймагында акыркы 8 ай аралыгында 22 жаш өспүрүмдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 25 өспүрүм ар кандай жаракат алса, 5 бала каза болгон. Жол транспорттук кырсыкка балдардын кабылуусуна алардын жөнөкөй жолдон өтүү эрежелерин билбестиги жана чоңдордун кайдыгер мамилеси түрткү болууда. Мындан улам түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында аталган иш-чара өткөрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан