Бүгүн, 7-сентябрда саат 8:30дар чамасында Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө (Опера жана балет театрынын маңдайында) жол кырсыгы катталып, болжол менен 50 жаш курагындагы аял жаракат алды.
Окуянын күбөсү SUPER.KG'ге билдиришинче, Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол сызыкта токтоп турган Тойота Раум үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан соң жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип, жаракат алган аялды ооруканага алып кетти. Кырсыкка кабылган унаалар жараксыз абалга келген. Айдоочулар жабыркаган жок.