Астанада массалык мушташка катышкан индиялыктар өлкөдөн депортацияланат

Казакстандын Астана шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан "Абу-Даби Плаза" соода борборунда болгон массалык мушташка катышкан индиялык жумушчулар Казакстандан чыгарылат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө учурунда күнөөлүүлөр аныкталып, соттун чечими менен 30дан ашуун Индия жараны өлкөдөн депортациялана турганын маалымдады.

"Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Күнөөлүүлөрдүн дээрлик бардыгы аныкталды. Азыркы учурда алар көрсөтмө берип жатышат. Массалык мушташка катышкан 30 Индия жараны өлкөсүнө депортацияланат. Ал эми күзөтчүнү сабаган индустарга жана аларды сабаган күзөтчүлөргө кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда Астана шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан "Абу-Даби Плаза" соода борборунда Индия жарандары менен Казак жарандарынын ортосунда массалык мушташ орун алган. Казак полициясынын айтымында, жаңжал мас абалында жумушка келген индиялык куруучуну күзөтчү курулуш аймагына киргизбей койгондон улам келип чыккан. Мындан улам индиялыктар күзөтчүнү ур-токмокко алышкан. Бул кырдаалдан улам эки тарап жаңжалдашып, 30дан ашуун адам мушташа кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
anuvar0903
2017-09-07 09:41:24
Бизде болсо Атамбаев шайлоого керек деп кайра сый көрсөтүп калтырып койду го ошондо канчалаган кыргыз жараны каза болгон(Ош окуясы)
+1
nurhan2702
2017-09-07 09:43:41
Казактар оздору тийишкен болуш керек.Бул индустар эле бироонун жеринде журуп мушташкысы келди дейсинерби
+2
RusMos76
2017-09-07 11:00:28
Нарында эмне болду эле, тажиктердин баарын депорт кылыш керек эле озу мушташка катышкан.
+7
AIZAD
2017-09-07 13:32:40
RusMos76,кайдагы депорт? Кайра Нарындыктарды карангы калк деп жазып чыгышты го . ХХХХХ. Башка жерде журуп жергиликтуу калкты сыйлабаса депорт кылыш керек!! Эн туура!!
0
AIZAD
2017-09-07 14:16:45
AIZAD,Чындык ачуу болот!! Моюнга алыш керек!! Же андай эмеспи?!
+2
Kanybek121195
2017-09-07 13:06:22
Молодец Казак туугандар ошондой кылыш керек.Ким кайсыл жерге барса ошол жердин мыйзамын каада салдын маданиятын сыйлаш керек.Биздикилерге окшоп оозун ачып отурбай
+5
Patriot7
2017-09-07 14:34:54
Казактар эркек, олко башында Нуракедей акылдуу лидер бар...

Бизде Атамбаев жана анын СДПКчылары бийликте экен, кыргыздарды озбек, тажик, кытай, уйгурлар сабаганы сабаган......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан