SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Маршруткадагы маданият" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдүн үнүнүн болушунча өз ара да, телефондо да сүйлөшкөнү аябай жинимди келтирет. Айрымдар такыр коомдук транспортто баратканын унутуп, жалгыз жүргөндөй кыйкырып же нервге тийип бир саат сүйлөп туруп алат го, ошолор жакпайт мага".
"Анан да аябай сөгүнгөндөрдү көп жолуктурасың, бул маданиятка жатпайт. Элди да кичине эске алыш керек. Бир жолу дос кызым маршруттук таксиге түшсө эле бир жигит санын кармалап кириптир. Досум жини келип жаактан ары бир койсо, тиги "сени бирөө саныңды көргөзүп кий деди беле?" деп кайра досумду жаакка бир чааптыр. Мына ушундай маршруткадагы маданият. Эми билбейсиң кимде күнөө кармана албаган жигиттеби же ачык кийинген кыздабы?"
"Кыскасы эч кимибизге маршруттук такси менен жол жүргөн жакпайт экен да. Ошол үчүн ал "коомдук" да, маршрутканын ичинде ар ким өз билгенин кылат. Ар түрдүү чөйрөнүн адамдары чогулуп алат. Бирок айла жок түшөсүң да маршруткага өзүңдүн унааң пайда болгончо чейин".
"Күндөгүдөй эле жумуштан чыгып маршруттук таксиде кетип бара жаткам. Бир кыз дагы түшүп калды. Айдоочу катуу айдагандыктан ал кыз чөнтөгүнөн акча ала албай эле убара, ары тоголонот, бери тоголонот. Тажап кеттиби, айтор ачуусу менен айдоочуга "сиз эмне отун жүктөп бара жатасызбы?!" деп кыйкырды. Анда айдоочу "сен эмне отунсуңбу, кармоочту кармабайсыңбы" деп салды. Кыз уялып кеттиби, бир аз жүргөн соң түшүп кетти. Ии, дагы айтып койчу нерсе, маршруттук таксиде телефон менен сүйлөшкөндө акырын эле сүйлөшсө сонун болот эле. Мага ушул нерсе жакпай кетет. Анысы аз келгенсип орусча обужоктонуп сүйлөшөт го, ошондо жиниңдин келгенин айтпай эле кой".
"Жайдын күнү. Маршруттук таксиге түштүм. Эл өтө деле көп эмес болчу, акчамды даярдап антип-минткиче эле катуу бараткан унаа токтоп калса болобу. Кармоочту кармаганга үлгүрбөй калдым, алдымда плащ кийген орус аял турган, плащынан тартып жанымды сактагам. Ал болсо кармоочту бек кармаган боюнча чалкалап, "плащымды жыртасың, коё бер" деп кыйкырат. Түшүп алып аябай күлгөм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.