Кыргызстандык самбо чеберлери студенттер арасында Казанда өтүүчү Дүйнө кубогуна катышат

Ушул жылдын 30-ноябрынан 3-декабрына чейин Орусиянын Казань шаарында өтүүчү самбо боюнча студенттер арасында Дүйнө кубогуна кыргыз самбочулары да катышат. Бул тууралуу аталган спорт федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстандын атынан 10 спортчу-студент аттанат: бешөө эркек, бешөө кыз-келиндер. Алардын ичинде 2011-жылы жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинин чемпиондору Артур Тё менен Анара Эстебесова да бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан