Бишкектеги "Аккула" ат майданында өткөн ат чабышта Өмүрбек Бабановдун аргымагы баш байгени эч кимге берген жок

17-ноябрда Бишкектеги “Аккула” ат майданында ат оюндары болуп өттү. Республиканын түрдүү аймактарынан, Казакстандан атайын чабандестер келип, өз байгелерин алып кетишти. Бул күнкү ат оюндарында ат чабыштын 4 түрү ойнотулду (жыйынтыктарын төмөндөн көрө аласыздар). Ошондой эле көк бөрү боюнча “Талас” - “Кожомкул” командаларынын ортосунда жолдоштук оюн болду. Бул беттеште 9:8 эсебинде “Кожомкул” командасы жеңип, атайын кубок менен сыйланды. Ата оюндарынын жалпы байге фонду сыр сакталса да, такталбаган маалыматтарга караганда, бул күнкү оюндар үчүн 700 миң сомдон ашык каражат жумшалган. Кошумчалай кетчү нерсе, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ызы-чуу жараткан Айландер Уан аргымагы кыска аралыкка ат чабышта баш байгени эч кимге берген жок. 
1. Ат оюндарына Өмүрбек Бабанов да күбө болду
2. Айландер Уан (солдо) жеңишке умтулууда
3. Жеңиштен кийин
4-5. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан