Бүгүн Оштун борбордук аянтында студенттер үчүн эстрада ырчыларынын катышуусунда майрамдык дискотека болот
Бүгүн саат 18:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында Студенттер күнүнө карата ачык дискотека болот. Иш-чараны Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар комитети уюштурууда. Ошондой эле майрамдык кеченин ачылышына мэр Мелис Мырзакматовдун келиши күтүлүүдө. Жаштар комитетинин өкүлү Медербек Абдыманаповдун айтымында, мындай иш-чара Жаштар комитети түзүлгөндөн бери экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Майрамдык салтанатка эстрада ырчылары катышып, оюн-зооктор орун алат.