Жерде жаткан баласын тепкен ата жумушунан бошотулду

Жерде жаткан кичинекей баласын тепкен ата жумушунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, баланын атасы Бариер Адиев буга чейин Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. Коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.

Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kechirmeni
2017-12-05 12:49:14
Жумуштан бошоду деп ошондо эле чыкты эле го
+3
uz.nookat
2017-12-05 13:05:33
Неге бошотот туура эмес чечим озун жазалаш керек же эки ай камаш керек. Ал жумуштан бошосо кийин балдарын кантип багат эле
-3
mamatkerim
2017-12-05 14:41:04
uz.nookat,2 айга камалды го.
+1
Tolkun555
2017-12-05 13:05:38
Коллега да деле урмат сый жок окшойт.сразу эле уволнения бергенине караганда.
0
MUHLISA
2017-12-05 13:32:07
Tolkun555,өз канынан жарлаган баласына боору ташиык жасаган адамдан кандай жакшылык күтсө болот.
+5
nurbekasr
2017-12-05 13:24:04
Бабочканы көзүнө такбай жакасына таксаңар,бул шүмшүктүн жүзүн бир көрөлү.Жолдон көрүп калсак эртеби кечби чимирилте тээп өтөлү өзүн.
+8
jasgul
2017-12-05 13:32:18
Эми чыгып алып сенин айындан деп катын-баласын олтуруп койбогой эле.
+1
BekAmir
2017-12-05 14:10:08
Ушул акмакты кочодон жолуктурсам оозу мурдун талкалабасам
+4
stal.ks
2017-12-05 14:50:35
боорум оруп кетти балага
кантип тебет
0
Totyua.71.
2017-12-05 15:00:14
Акмак экен, туура чечим камак!
+1
Dalil
2017-12-05 15:00:46
Жумуш орду бирөөгө керек экен бошоду. Баласын белге тепти деп интернетти бир дүң дедирди. Адам өлтүргөндөр да мынчалык соцтармактарда популярдуу боло элек. Балага боору оорумуш болуп ага нан таап берген атасын жумуштан бошотту. Башка жактан да карап көрүү керек бир тараптуу карап чечип койгон туура эместир.
-3
Jigit80
2017-12-05 15:26:03
Келетурган жаны орун басарды сен теппейсинби баланды деп сурап туруп алгыла ишке эми.
+2
amirrus
2017-12-05 16:29:35
моралдык журум туруму начар,мунозу корс,орой болсо коллективге жакпаса коллектив арыз жазып иштен алса болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан