Мурдагы депутат Чолпон Жакупованын апасы 83 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Нарын Айып билдирди.
Маалыматка караганда, Жакупованын апасы кечээ, 3-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылында жерге берилди.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Чолпон Жакуповага, үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.