Жогорку Кеңештин депутаты Исланбек Сарсейитов башка кызматынан өтүп жатканына байланыштуу мандатынан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Фракция лидеринин билдиришинче, Исланбек Сарсейитов "Электр станциялары" ишканасынын директорунун орун басары кызматына бара жатат.
"Сарсейитов энергетика тармагында тажрыйбасы мол адам, ошондуктан ал ушул тармакта ишин улантууну чечти", - деди Баатырбеков.
Баатырбеков кошумчалагандай, Сарсейитовдун ордуна тизме боюнча Орозбек Алыбаев депутат болуп келет.