Жайдын аптаптуу күндөрүндө SUPER.KG порталы бул ирет Караколдун визиттик карточкасы аталган ашлян-фу тууралуу борбор шаарыбыздын тургундарынан "Бишкекте эң мыкты ашлян-фу кайсы жерде даярдалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгынын негизинде даамы менен тамшанткан ашлян-фу даярдоочу 10 жай иргелип алынды.
1. "Айгүл" кафеси, Жеңиш проспектиси, Лебединовка айылы;
2. "Ашлян-фу", Фрунзе көчөсү;
3. "Ашлян-фу №1", Горький-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
4. "Ашлян-фу", Сүйүнбаев-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилиши;
5. "Ашлян-фу", Жукеев-Пудовкин-Субанбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
6. "База Ашлян-фу", Сухэ-Батор көчөсү;
7. "Казанок" кафеси, Лев Толстой көчөсү;
8. "Каракол Ашлян-фусу", Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилиши;
9. "Ой, болит", Үмөталиев-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
10. "Мустафа" кафеси, Чүй кең көчөсү-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши;
Урматтуу окурман, ушул ондукка суурулуп чыккан ашлян-фу жасалуучу жайлардын ичинен эң мыктысына добуш берүү тандоосу сиздин колуңузда.
Сурамжылоо бир аптага созулат жана 1-августта жыйынтыкталат.