Кыргыздан 8 спортчу Түркияда уюштурулган Босфор кысыгын сүзүп өтүү мелдешине катышты. Жарыш 21-июль күнү Стамбулда болуп, иш-чарага жалпысынан дүйнөнүн төрт бурчунан келген 2 миң 419 спортчу катышты. Кыргыз суучулдардын арасынан Исабек Ташиев эң мыкты көрсөткүч көрсөтө алды.
“Жарыш башталгандагы сүзүүчүнүн миссиясы – муздак агымды таап, аны менен финишти карай сүзүү. Климаттын жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу толкундар көп болушу мүмкүн”, - дейт ал.
Суучулдун маегин “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№822, 3-август, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.