Майлуу-Сууда мисте терип жаткан аял тоодон кулап каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG'ге кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 15-августта болгон. 56 жаштагы аял мисте терип жаткан учурда тоодон кулап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу кулаган аялга биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тилекке каршы, аял ооруканада каза болуп калган. Учурда аял кандай жагдайда кулагандыгы териштирилип жатат.