Ош облусунун тургуну 43 жаштагы Гүлшайыр Рахманбердиева жашоого жетишерлик каражат таба албай, Түркияга барып өз балдарынын ордуна башканын балдарын карап акча табууга мажбур.
“Байкашымча, Түркияга келип иштеп жаткан аялдардын 80 пайызы ажырашкандар. Бул бизде үй-бүлө институтунун өтө алсыз болуп баратканынан кабар берет”, - дейт ал.
Чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин турмушун кенен айтып берген каарманыбыздын баянын “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№825, 24-август, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.