“Сүйүү – бул…” сагызын эки жемиштин айкалышкан даамынан сырткары аны сүйүү эмне экенин түшүндүргөн сүрөттөрү жана сөздөрү үчүн да алып чайнайбыз. Сагыздын фантиктерин чогултуп, ага жазылган сөздөрдүн маанисин өз жашообузга салыштырып, окшоштуктарын таап жыргап да алабыз. Бирок кара чачтуу бала менен сары чачтуу кыз бизге чыныгы сүйүү баянын айтып берип жатканын көпчүлүгүбүз биле бербесек керек.
Чоң сүйүү баянынан улам жаралган бул сагыздын тарыхын “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№825, 24-август, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.