Дүйнөдө калкынын саны миллиондон ашык болгон 330 эл бар. Бирок алардын 193ү гана эгемендикке жетип, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. Айрым элдер калкы бир нече миллионго жетсе да көз карандысыздыкка жетпей келет. Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсү да өз алдынча мамлекет болгондугунун 29 жылдыгын майрамдоодо. Буга байланыштуу биз сиздерге Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөдөгү эгемендик тууралуу тестти сунуштайбыз.