Былтыр кыргыз эстрадасында Кайрат Кыргыз деген ысым бум жараткан. Клеёнкадан тигилген кийим, сербейген чачы, калың чийилген кара кашы дароо көзгө урунуп, көпчүлүктүн сынына калган.
Учурда ырчы менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестик болуп, продюсер сотко кайрылган.
“Кайрат жаңы иштешип баштаганда менин бир сөзүмдү эки кылчу эмес. Акыркы кезде жылдыз оорусуна кабылып, көөп кетти”, - дейт Эркин Мээрканов.
Маекти “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№826, 31-август, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.