Бишкекте кесиптешине ок чыгарган милиция кызматкерине жана бул окуяны жашырып койгон кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Бишкекте кесиптешине ок чыгарган милиция кызматкерине жана бул окуяны жашырып койгон милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул факт боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык), 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголду. Териштирүү иштеринин алкагында 11-сентябрь күнү Бишкек ШИИББинин Криминалдык милициясынын Н.Н. аттуу кызматкери "Империя пиццы" кафесинин аймагынан такталбаган тапанчадан ок чыгарган. Натыйжада ок Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын кызматкери А.Э. аттуу кызматкеринин оң бутуна тийген. Ооруканадан берилген аныктамаларга ылайык, А.Э. учурда стационардык дарылануусун улантууда. Окуя болгон түнү аталган дарекке Биринчи Май РИИБинин нөөмөттө турган кызматкерлери барган. Бирок алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кылмышты жашырып коюшкан. Учурда иш толук тергелиши үчүн тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 11-сентябрда түнкү саат 3:00 чамаларында орун алган. Анда ШИИББдин оперкызматкери мас абалында кафеде эс алып отурган башка жаран менен урушуп, сыртка чыкканда ага карата табелдик куралынан ок чыгарган. Окуядан кийин милиция кызматкери өз каалоосу менен жумуштан кеткени белгилүү болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан