8 жашар Толгонай менен 4 жаштагы Бурул. Жакшылыктан үмүттү үзүп, апасын көргөнгө зар болгон наристелердин катарына өткөн жылдын октябрь айында кошулушкан. Апасы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында каза болгон. Апасынын оор тагдыры, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарындагы таежесинин абалы тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№846, 18-январь, 2019-жыл) окуй аласыз.
“Кыздар болсо мени апа, жолдошумду ата дешет. “Апа, бизди качан алып кетесиңер?” деп үмүттүү көздөрү менен караганы жүрөгүмдү оорутуп жатат”, - дейт 2 кыздын таежеси Элиза Төрөгелдиева.