Мурун бир кабар айтуу үчүн алыстарга кат жазып, жообун жумалап күтүп, ал тургай айрым учурларда жиберген катыбыз өз дарегине жетпей убара тартчубуз. Бүгүнкү күндө андай кыйынчылык жокко эсе. Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен Кыргызстан да уюлдук байланыш менен камсыз болуп, чөнтөк телефонсуз жашообузду элестете албай калган чагыбыз. “Мегаком” компаниясы Кыргызстандагы миллиондогон калкты уюлдук байланыш менен камсыз кылып келет. Мезгилдин агымына жараша ар бир колдонуучунун ою менен эсептеше билүү, абоненттерди көп тармактуу жана ыңгайлуу уюлдук байланыш менен камсыз кылуу жагынан талашсыз лидер. Өлкөбүздөгү эң ири компаниялардын катарын толуктаган “Мегакомдун” башкы директору Азат Базаркулов бүгүн “Ийгилик сыры” рубрикабызда конокто.
Туулган жери – Чүй облусу, Фрунзе шаары
Туулган жылы – 1974-жыл, 30-сентябрь
Билими – жогорку
Кесиби – юрист
Баалаганы – адилеттүүлүк, пунктуалдуулук жана профессионалдуулук
Хоббиси – Лыжа тебүү, үй-бүлөсү, достору менен жаратылышта эс алуу, балык уулоо, кесиптештери менен футбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы
– Азат мырза, ар бир адамдын келечекке пайдубалы балалыкта түптөлөт. Бала кезде ким болсом деп кыялданчу элеңиз?
– Бала кезде чексиз асманды карап, ошол мейкиндиктен туруп жерди көрүүнү самап, космонавт болсом дечүмүн. Бул ой көпчүлүк балдардын жан дүйнөсүн уяласа керек. Ал учкул кыялдарымды мезгил кайсы бир алыс жактарга алып кетти. Эс тарткан соң башка кесиптин ээси болууну максат кылдым.
– “Мегаком” компаниясына башкы директор болгонго чейинки басып өткөн жолуңузду кыскача айтып берсеңиз...
– 1995-жылдан баштап өз кесибим боюнча юрист болуп иштеп баштадым, юридикалык агенттиктерде жетекчилик кызматтарды аркаладым. Жалпысынан алганда, 2007-жылга чейин 6-7 юридикалык агенттикте жана мекемелерде иштедим. 2010-2011-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКсына сырттан башкаруучу, кийин башкы директордун биринчи орун басары болдум.
– Эң алгачкы тапкан акчаңыз же айлык маянаңыз эсиңиздеби? Аны эмнеге жумшадыңыз эле?
– Алгачкы жолу студент кезимде досторум менен чакан күркө иштетип, өз эмгегим менен тапкан акчаны колго алып, аны ата-энеме сыймыктануу менен алып барып бергем. Кийин тапкан маянамды жеке автоунаа алууга топтой баштагам.
– Иш күнүңүз кандайча башталып, кантип аяктайт?
– Мен тайм-менеджментке абдан чоң маани берем. Ооба, иш күнүң аяктагандан кийин да жумуш ордуңда калып иштөө мактоого татырлык дечи, бирок ошол сарпталган убакыт натыйжалуу болдубу деген суроо туулат. Менин оюмча, ар бир кызматкер эмгек менен эс алууну айкалыштыра билүүсү керек. Бош убактысын үй-бүлөсүнө, жакындарына, спорт менен машыгууга арнай билген адам гана өзүнүн алдына так милдеттерди коё билет. Ал эми мындай адистер эмгектенген жамаатта сөзсүз түрдө эмгек өндүрүмдүүлүк жогору болот.
– Талапты катуу койгон катаал жетекчисизби же кызматкерлериңизди жумшак жол менен башкарасызбы?
– Жок, катаал жетекчимин деп айтпайм. Биздин компанияда ашыкча катаалдык менен жакшы жыйынтыкка жетүүгө болбойт. Анткени бизде өз ишин мыкты билген гана адистер эмгектенишет. Компанияда талапты катуу коё билүү эмес, туура коё билүү маанилүү орунда турат. Ишти убагында, так аткаруу боюнча талапты катуу эле коёбуз. Ошондуктан коюлган милдеттерибиз өз убагында аткарылат.
– Кызматкерлериңиз катачылык кетирген учурларда кандай чараларды колдоносуз?
– Өтө чанда, бирок андай учурлар болуп калат. Алгач кызматкердин чынында эле ката кетирген же кетирбегендигине толук ынаныш үчүн сөзсүз кызматтык териштирүү жүргүзөбүз. Ошол ката менен аткарылган ишке катыштыгы бар кызматкерлердин пикирлерин угабыз, анан ошого карата жыйынтык чыгарылат.
– “Мегаком” өлкөдө уюлдук компаниялардын ичинен лидерликти багынтып келет. Компания дайыма алдыда болуу үчүн кандай аракет көрөсүздөр?
– “Эмгек бар жерде өнмөк бар” демекчи, биринчиден, бир миңден ашуун кызматкерлерибиздин талыкпаган эмгегин айтпай кетүүгө болбос. Тамчы суудан көл куралган сыяктуу эле, ар бир кызматкерибиздин өз ишин так аткаруусу гана компаниябызды өлкөдөгү алдынкы, ири уюлдук оператор катары таанытып келет. Анан, албетте, "Мегаком" компаниясынын телекоммуникациядагы жаңы, заманбап техникаларды колдонуусу өнүгүүгө өз таасирин тийгизүүдө. Абоненттерибизди сапаттуу байланыш менен камсыз кылып, ыңгайлуу кызматтарды сунуштоо менен, эң башкы нерсени, биздин кызматты колдонуучулардын пикирин, мүдөөсүн эске алып, аларга астейдил мамиле жасаганга аракет кылып келебиз. Элин сыйлап, мекенин бийик туткан компания коомчулуктун социалдык көйгөйлөрүн да көз жаздымда калтырбайт. Өзүңүздөр күбө болуп жүргөндөй эле, компаниябыз кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерге активдүү катышып, жеке социалдык долбоорлорун демилгелеп келет.
– “Мегакомдун” башка уюлдук компаниялардан артыкчылыгы, өзгөчөлүгү эмнеде?
– Кардардын талабын толугу менен канааттандыруу, элге ыңгайлуу тарифтер, ишенимдүүлүк, лоялдуулук, абоненттерге астейдил мамиле жасоосунда.
– Абоненттер “Мегакомдон” дагы кандай жаңылыктарды күтсө болот?
– БОБЛду киргизүү (була-оптикалык байланыш линиясы – уникалдуу заманбап технологиясынын ишке ашырылышы менен абоненттер үчүн үн байланыш, видеочалуунун сапаты бир кыйла жакшырат. Мындан тышкары жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуусуна шарт түзүлөт, үч миллионунчу абонентти кошуу, байланыш сапатын жогорулатуу, соода түйүндөрүнүн, тейлөө борборлорунун санын көбөйтүү.
– Миллиондогон абоненттер тарабынан артылган жоопкерчилик сизди чарчатабы же сыймыктануу жана күч-кубат тартуулайбы?
– Албетте, артылган ишенимди актоо үчүн сыймыктанып келем. Бирок сыймыктануу менен эле тим болбостон, техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, абоненттердин каалоосуна төп келген маркетингдик өнүмдөрдү иштеп чыгып, талбай изденүүбүз керек.
– Акыркы жолу коомдук унаага качан түштүңүз эле?
– Маектин башында айтып өткөндөй эле, студент кезимден эле жеке автоунаа алууну максат кылып, 22 жашымда акча топтоп БМВ үлгүсүндөгү алгачкы унаамды сатып алгам. Ага чейин коомдук унаа менен жүрчүмүн, азыр болсо уулдарым автобус, троллейбус менен жүрүшөт.
– Кайсы үлгүдөгү телефон колдоносуз?
– "Айфон 5", “559” тарифтик планы.
– Бош убактыңызды кантип, кайда жана кимдер менен өткөрүү жагат?
– Жайында үй-бүлөм менен жаратылышта эс алам, балык уулайм, кыш мезгилинде тоодо лыжа тебем.
– Өлкөбүздүн кадыр-барктуу компаниясын жетектөөңүздү сиздин жетишкендик деп билебиз. Ийгилик сыры эмнеде?
– Ийгиликке жетүү үчүн мага дайыма турмуштук баалуу тажрыйбам жардамга келет. Компания жүргүзүп жаткан ишмердүүлүккө ар тараптуу сереп сала билүү, дайыма талдоо жүргүзүү, бабаларыбыздан калган намыскөйлүктү алдынкы орунга коюп, жамаатташтарга ишеним көрсөтө билүү. Кесипкөйлүк менен жаңычылдык эриш-аркак жүрүүсү абзел. Бир колдон жең, бир жакадан баш чыгаруу менен гана заман талабына шайкеш кадам таштай алабыз.