1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. XXI кылымдын балдары деген сөздү укканда оюбузга дароо уюлдук телефон, планшет сыяктуу ар түрдүү гаджеттерди колуна алып, мультфильм көрүп отурган балдарды элестетип калдык. "Мурдагыдай көчө чаңытып ойногон балдар азыр жок" деп кейиген ата-энелердин сөздөрүн да угуп жүрөбүз. Балдарыңыз көргөн мультфильмдердин каармандары тууралуу канчалык билериңизди жана өзүңүз бала кезде көргөн мультфильмдер канчалык деңгээлде эсиңизде калганын текшерүү үчүн төмөндөгү тесттен өтүңүз.