Өмүр - бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр демекчи окуучулук күндөрдө эң бир сонун көз ирмемдер сакталып калат. Мына ошол балалыктын таттуу мезгили соңуна келип жаткан кез. "Аттестат колума тийсе эле Бишкекти көздөй сапар тартам. Жогорку окуу жайга тапшырам, студент болом" деп ашыгып турган абитуриенттерге арналган тесттен өтөбүз.