Баткен - өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан жаш облус. Аймактагы тургундардын жашоо шарты, маданияты, сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктар бар экени белгилүү. "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?" деген сөздү уккан чыгарасыз. Дал ошол Зардалы Баткенде жайгашкан. Өзүнө гана таандык болгон өзгөчөлүгүн көрө билүү үчүн бир барып келген оң. Алгач Баткен тууралуу эмнелерди билериңизди текшерүү үчүн тесттен өтүп көрүңүз. Өрүк бышып турган маалда өрүкзарга ээрчишип барганга не жетсин.