Биз социалдык тармакта

Аймактык Азия чемпиону болушкан Кыргыз волейболчулары бүгүн маалымат жыйын беришет

Волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары чемпион болушту. Оюндун жүрүшү туурасында жана алдыдагы пландар жөнүндө, волейболчулар «SUPER MEDIA» пресс-борборунда бүгүн, 27-августта, саат 11:00дө боло турган пресс-жыйында айтып беришет.

Пресс-жыйындын катышуучулары:
Элмурза Сатыбалдиев – Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын президенти;
Кылычбек Сарбагышев – Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын башкы катчысы;
Андрей Анкудинов – Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Оңолбек Каныбек уулу – команданын капитаны, турнирдин мыкты оюнчусу;
Жамалидин Мусаев – оюнчу, турнирдин мыкты байланыштыруучусу;
Нурмухамед Токтоев – оюнчу.

Байланышуу үчүн:
Телефон номери: 0770 88 26 00
Электрондук дарек: info@supermedia.kg
Адрес: Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти 381 ("Эльдорадо" соода борбору, 2-кабат)

“SUPER MEDIA” пресс-борбору – МААЛЫМАТТАН АРТТА КАЛБАҢЫЗ!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
souza.j
2019-08-26 21:00:40
Красавчиктер!
+1
rysik79
2019-08-26 21:20:36
Аймактык азия чемпиону дегенди жакшы тушунуп тушунбой турам да. Япония кытай корея дегенге окшош козу бутуктор катышпаган чемпионат окшойт э?
+3
Tolik777
2019-08-27 08:36:49
rysik79,Ооба, эн туура тушунупсун
-1
kechirmeni
2019-08-27 09:29:35
Орто Азия боюнчабы ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан