Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Чүй ОИИББинин башчысынын абалы жакшырып калды, бирок толук өзүнө келе элек"

Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алган Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшырып калды, бирок толук өзүнө келе элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Курманкулов өз алдынча дем алып, сезүү органдары иштей баштады. Бирок толугу менен өзүнө келе элек. Ал дагы деле жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эртең, 5-сентябрда аны жалпы палатага которуу пландалууда. Учурда Москвадагы ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жаткыруу тууралуу эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bema_bema
2019-09-04 18:43:04
Жакшы болуп кетсин шыпаасын берип,ортодо ушуларга кыйын болду,булар не приказды аткарышатда.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан