Батир алып берем деп 583 миң доллар алган. Алдамчылыкка шектелген 26 жаштагы жаран Баткен облусунан кармалды

26 жаштагы жаран шаар тургундарына батир алып берем деп 583 миң доллар алып, изин жашырып жүргөн. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

1-сентябрда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Н.Т. арыз менен кайрылган. Анда башкы адистин милдеттерин аткарган А.Э. аттуу кол астында иштеген кызматкерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Тагыраагы, А.Э. ушул жылдын август айында мэрия тарабынан аукцион өтүп жатканын, анда Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдөн 8 муниципалдык батирлерди алып берем деп кызмат абалынан пайдаланган. Ал Ж.З., Ч.Г., Ч.Э., С.А., М. уулу Н., Д.И., деген жарандардан К.Н аттуу аял аркылуу батирлердин акчасын толугу менен алган. Жалпысынан А.Э. 211 миң 500 доллар каражатты алып изин жашырып кеткен.

Ошол эле күнү тергөө кызматына 4 шаар туругундары кайрылып, А.Э`нин үстүнөн арыз жазышкан. Алар батир алуу үчүн А.Э`ге ар бири 20 миң доллардан (жалпы 80 миң доллар) алдын ала каражат берип койгондорун айтышкан.

Мындан тышкары 4-сентябрда башкармалыкка К.Ы., М.У., Б. С. уулу аттуу жарандар кайрылышкан. Арыздануучулар А.Э. алардан алдамчылык жолу менен 291 миң 500 долларын алып, качып кеткенин маалымдашкан.

Муну менен А.Э. жалпысынан 583 миң доллар акча алган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"7-сентябрда Бишкек ШИИББинин криминалдык милициясы жана Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү кармалган. Ал Лейлек районунан Кыргыз-Тажик чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда", - дейт басма сөз кызматынан.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясына тиешелүү сегиз батирди мэрияга караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери сатып, из жашырып кеткени маалымдалган. Аталган сегиз батир Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sakubek
2019-09-09 08:51:52
Тупойлорго жалан. Алдаса эле алдана бересинерби
-5
Take_men
2019-09-09 09:41:33
Sakubek, мэрияда иштесе кабинетинде кабыл алып документтерди көргөзсө ишеништи да
+2
elchi84
2019-09-09 08:52:02
Ушунча акчаны кантип адал кылып жиберем деди экен .
+4
Rystambekkg
2019-09-09 09:25:26
Эрик мошенник экесин го мамлекеттин мулкун жеп тоноп кетеберсе болот экен дединби
+4
Nurik929394nur
2019-09-09 09:27:22
Блят аА б д с э о окуугун да келбейт урматуу супер инфо бан же башка нерсе кылбай еле койгулар чындыкты жазтам эмне атары менен жазып койбойсунар толук еле тойгоздунарго
+2
al-abu-kinesz
2019-09-09 14:09:29
Nurik929394nur, суроту чыккандан кийин эмнесин жашырат десен. Мындай кылмышкерлердин омур баяны менен кошо чыгарып салыш керек!
+2
Nurik929394nur
2019-09-09 09:31:22
Бир губернатор твой лицо не нравится деп озунорго караштуу журналиске орой суйлопгонуу учун анын аты фамилиясы суротту менен толук чыгардынар еле озунор учун элге жаман корсоттунор.аа бир афирис же бир сокур кыз зордоп бир мыкачы адам олтурсо аны атын жаап жашырып чыгасынар
+7
Goodyer
2019-09-09 10:45:51
Ушунун тусуну коруп туруп акча бергендерге молодец
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2019-09-09 11:43:09
Э молодец экенсин. Аппетитинден да журогуно балли.
+1
besha
2019-09-09 16:52:19
А. Шадиев мам.кызматкерлерге тешик чек арабыздан кантип качып кетишти уйротуп койду.Эми любой тупой билет , бирдеме болсо тажикстан аркылуу из жашыруу.
0
taalay25
2019-09-09 17:29:48
Шопурдун кадры
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан