Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Stepwagon унаасы сайга кулап кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 10-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында болгон. Анда унаа жол четиндеги жерден 3-4 метр төмөндү көздөй кулап кеткен.
"Бишкектен Ошко карай бара жаткан Stepwagon унаасы Бишкек-Ош унаа жолунун 553-чакырымында кырсыкка кабылды. Унаада 3 жүргүнчү жана айдоочу бара жаткан. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, айдоочу жолдо уктап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү аймактык ооруканага барып, биринчи жардам алган соң чыгып кеткен. Ал эми айдоочу эч кандай жарат алган эмес. Учурда тийиштүү иш-чаралар аткарылып жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.