Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдун жанында болгон мушташта сабалган 26 жаштагы жаран каза болду

9-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдун жанында болгон мушташта сабалган 26 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу бүгүн, 13-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу болгон. Эжеси жана карындашы бар.

Окуянын чоо-жайы:

9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын «Дина» түнкү клубунун жанында мушташ болгон. Базар-Коргон районунун тургуну 1993-жылы туулган Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда бул факты боюнча Сузак районунун 4 жараны шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



Жалал-Абадда мушташтын кесепетинен 26 жаштагы жигит каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Liliia
2019-09-13 15:03:28
ушул баланы больницадан моргко алып кетип атканын көрдүм иним көтөрүшүп барды носылка менен, колу түшүп кеткенде жаман болдум жүрөгүм оозума кептелип үйгө зорго келдим.Тепкичте тургам бир бала сүрөткө тартып атат(больницага келген бирөө болсо керек),бирөөнүн күйүтүнү тартып эмне пайда дейм да журналист болбогондон кийин. Жаткан жери жайлуу болсун, туугандарына сабыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан