Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында айнек заводдон чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 12:20да өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Буга чейин өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 10:18де келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө "Жунда" мунай иштетүүчү ишканасынан 4 өрт өчүрүү бөлүмү да тартылган.