Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бүгүн бул датага туура 30 жыл болду.
Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил – адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эти менен тең, эч нерсеге алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы. Кыргыз тилин мыкты билем десеңиз, өзүңүздү тесттен сынап көрүңүз.