Орусияда адам өлтүрүүгө шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнү Орусиядагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери колго түшүргөн.
"Ушул жылдын август айынын аягында Москва облусунда 51 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул факты адам өлтүрүү беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте бул ишке шектүү катары жаранды кармашкан. Ал 54 жаштагы Ош облусунун тургуну А.А. аттуу жаран болгон. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү маркум аял менен чогуу жашаган. Ал аял менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүрүп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен", - деп жазылат маалыматта.