Монголиянын Завхан аймагында туруксуз аба ырайынан улам июнь айында кар жаады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Ал эми июнь айында жааган кардын сүрөтүн жергиликтүү тургундар социалдык тармактагы баракчаларына жүктөшкөн. Синоптиктер туруксуз аба ырайынан улам 8-9-июнь күндөрү да кар тынымсыз жаашы мүмкүн экенин айтышууда.