Бишкекте 9-декабрда "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык тобунун жыл жыйынтыктоочу концерти өтөт
Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык тобунун жыл жыйынтыктоочу концерти болот. Бул тууралуу топтун жетекчиси Саламат Садыкова билдирди. Концертке Нурак Абдрахманов, Дилшат Кангелдиева сыяктуу белгилүү артисттер катышмакчы. Концерт 9-декабрь күнү филармониянын кичи залында саат 18:00дө башталат.