Дүйнөгө белгилүү "Samsung" компаниясы жаңы 5 үлгүнүн силуэтин (сөлөкөтүн) көрсөттү. Анын ичинде бүктөмө смартфондор дагы бар. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, "Samsung" компаниясы быйыл сезондун хити катары коло түстү тандап алышкан.
"Беш үлгүлөрдүн ичине Galaxy Tab S7 планшетин, Galaxy Buds Live TWS-кулакчыны, Galaxy Watch 3 (ар түрдүү көлөмдө эки вариантта) акылдуу сааты, Galaxy Fold бүктөмө смартфонун, Galaxy Note20'нын экинчи мууну жана флагмандык смартфондор линейкасы кирет. Бул тизмеде айтылгандардын баары рынок сегментинде алдынкы орундарды ээлей алышат", - деп жазылат маалыматта.
"Samsung" компаниясы жаңы үлгүлөрдү расмий түрдө 5-августта онлайн режиминде көрсөтмөкчү.