Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында унаа уурдап кеткен жаран кармалганын Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Ак-Жол айылындагы унаа жуучу жайдан белгисиз адам Мерседес-Бенц унаасын уурдап кеткендиги тууралуу А.у.С.арыз менен кайрылган. Териштирүү-издөө иштеринде кылмышка шектелип кармалган 22 жаштагы Т.у.С. мурун дагы август айында Хонда үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткени аныкталган. Учурда кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш кодексинин 172-беренеси (мыйзамсыз унааны ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.